• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК Сыргак Кенжебаевдин кармалышы боюнча расмий маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 20.12.19. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Сыргак Кенжебаев аттуу жаран "алдамчылык" боюнча кармалганын билдирди.

УКМКдан билдиришкендей, комитетке КЭРдин М.М. аттуу жараны кайрылып, С.Кенжебаев аттуу жаран 350 миң долларын алдамчылык жол менен алып алганын билдирген. Бул окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү боюнча каттоого алынган.

"Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө белгилүү болгондой, КЭРдин М.М. аттуу жараны "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабына катышуу үчүн кытайлык компаниянын өкүлү катары Кыргызстанга келген. "Коопсуз шаар" долбоору боюнча сынакка катышууга даярдык көрүү учурунда С.К. менен таанышкан. Ал кытайлык инвестордун ишенимине кирип, ар кандай шылтоолор менен (күтүлбөгөн чыгымдарга байланыштуу деп) 350 миң долларын алып, кайтаруудан баш тарткан", - деп айтылат маалыматта.

УКМКдан белгилешкендей, андан тышкары ал кытайлык инвестордон мурда алган акчасынан тышкары дагы 250 миң доллар сураган.

"2019-жылдын 20-декабрында Сыргак Кенжебаев кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Мыйзамда белгиленген мөөнөттө ага кылмыш кылгандыгы тууралуу билдирүүнү берүү боюнча маселе чечилип, сот тарабынан анын баш коргоо чарасы каралат", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий