• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК төрагасынын орун басарлары кызматтан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 16.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын орун басарларын кызматтан бошотуу боюнча бир катар буйрукка кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Алсак,

- Мирлан Тургунбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду.

- Талант Салиев УКМК төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду.

- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары рангындагы Антикоррупциялык кызматтын директору Сагынбек Исмаилов ээлеген кызматынан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий