• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК Таалатбек Масадыковдун ведомство тууралуу билдирүүсүнө комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыковдун ведомствонун дарегине айткан билдирүүсүнө комментарий берди.

Белгилей кетсек, Масадыков буга чейин берген маегинде УКМКнын ишмердүүлүгү тууралуу терс пикирин айткан. Тактап айтканда, ал ведомство ЖМКларга көп чыгуусун чектөөсү керектигин билдирген.

"УКМК бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө мамлекеттик органдарга, анын ичинде УКМКга мурдагыдан да зарыл деп эсептейт, анткени бул коомчулуктун кызыкчылыгында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтын жеткиликтүү ыкмасы.

Бул жагынан алганда УКМК Т. Масадыковдун берген мындай кеңештерине муктаж эмес.

УКМК аткаруу бийлигинин маанилүү органы болуп саналат, зарыл болгон учурда конституциялык укугу бар компетенттүү адамдардын кеңештерин жана сунуштарын колдонот".

Өз кезегинде УКМК Т. Масадыковду конституцияда каралган кызматтык милдеттерине негизделген ыйгарым укуктарын аткарууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий