• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

УКМК: Тарасенко социалдык тармактагы ислам тууралуу билдирүүсү үчүн суракка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.08.19. /Кабар/. Никита Тарасенконун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылышына социалдык тармактагы ислам тууралуу билдирүүсү негиз болгон. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

УКМКдан белгилешкендей, Никита Тарасенко, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан, 2019-жылдын 10-апрелинде диний касташууну козуткан иш-аракеттери боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн негизинде күбө катары суракка алынган.

"Н.Тарасенконун "Facebook" социалдык тармагында ислам динине болгон терс мамилесин камтыган, мусулмандардын диний сезимине акарат келтирген материалдарды бир нече жолу жазгандыгы сотко чейинки өндүрүштүн ачылышына негиз болду. Ал жазуулар интернет колдонуучулар арасында көптөгөн негативдүү пикирлерди жараткан", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, графикалык дизайнер Facebook'тагы баракчасында, учурдагы жана мурдагы чиновниктердин сүрөтүнөн турган коллажга уюшкан кылмыштуу топ деген билдирүүнү калтырганы боюнча УКМКга чакырылышы мүмкүн экендигин жазган. Биринчи чакырууга, Тарасенконун айтымы боюнча, уктап калгандыктан барбай калган.

Пикир

Оставить комментарий