• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

УКМК: Тажик тарап жай тургундарын “тирүү” калкан катары колдонууда

Кырсык 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. УКМК тажик тарап оор бронетехниканы, залптык реактивдүү системаларды (РСЗО) жана авиацияны колдонуп жатканын билдирди. Ошондой эле алар чек арага жакын жашаган тургундарын “тирүү” калкан катары колдонууда.

Маалыматка ылайык, кагылышууга Тажикстан тараптан белгисиз формадагы кийимде жана кандайдыр бир куралдуу түзүмгө таандык экендигин тастыктаган белгилери жок адамдар катышууда.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын өздүк курамы атышууну токтотуу үчүн заманбап курал-жарактарды жана техниканы колдонууда.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилген.

Кечээ, 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн.

Бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Саат 08:00гө карата Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасынын, Лейлек районундагы Кулунду, Достук, Максат, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин жана Жаңы-Жер аймактарынын тургундары коопсуз жерге эвакуацияланууда.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болууда.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда буга чейин эки аскер кызматкери жана үч жай тургун (бирөө 11 жаштагы өспүрүм) жабыркаганы айтылган. Бүгүн, 16-сентябрда төрт жоокер жана 31 жабыркаган жаран бар экени маалым болду.

УКМК тажик тарап оор бронетехниканы, жалындуу от чыгарган ракеталык системаларды (РСЗУ) жана авиацияны колдонуп жатканын билдирди.

“Тажикстандын жерден жана абадан жасалган бардык чабуулдарын кыргыз тарап тосуп, Кыргызстандын аймагын, калктуу конуштарын басып алууга мүмкүнчүлүк бербей жатат. Окуя болгон жерде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев атышууну токтотуу жана абалды жөнгө салуу боюнча чараларды көрүп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий