• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

УКМК: Тажикстанда кармалган кыргыз жараны Каримов мекенине кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.11.19. /Кабар/. Тажикстанда кармалган кыргыз жараны Асылбек Каримов мекенине кайтарылды, - деп билдирет КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын аймагында кармалган Каримов аттуу жаран бүгүн, 1-ноябрга мекенине кайтарылган.

Эске салсак, кечээ, 31-октябрда Кыргызстан менен Тажикистандын компетенттүү органдарынын жана ошондой эле Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр болуп, анын жүрүшүндө КР жаранын мекенине кайтарып берүү маселеси да козголгон.

"Жыйынтыгында КР жараны А.Каримов Тажикистан Республикасынын чек ара мыйзамын бузгандыгы үчүн салынган айыптан куткарылып, 1-ноябрь күнү КР чек ара кызматкерлеринин колуна өткөрүлүп берилген. Учурда ал туугандарына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий