• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

УКМК: Тажикстандан мыйзамсыз кой ташып келүү аракетине бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Тажикстандан мыйзамсыз кой ташып келүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 12-апрелде Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы чек арага жакын Майты жерлигинде мыйзамсыз түрдө 99 баш койду Тажикстандан Кыргызстанга алып өтүүгө аракет кылган М.А.Р аттуу кыргыз жараны кармалды.

Ташылып келе жаткан койлордун баасы 1 млн 426 миң сомду түзөт.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин Экономикалык контрабанда беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө амалдары жүрүп, жыйынтыгына акыркы юридикалык баа берилет.

Пикир

Оставить комментарий