• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

УКМК: Текебаев №47 түзөтүү колониясына которулат

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.10.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Ата Мекен” партиясынны лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн №47 түзөтүү колониясына которулат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, Текебаев тергөө абагында бир жума болду эми аны бүгүн жаза мөөнөтүн өтөөгө түзөтүү колониясына которушат. “Шейшембиде бөлүштүрүү болду, бүгүн аны которуулары керек.

Мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновду №27 түзөтүү колониясына которушту”, - дешти УКМК.

Эскерте кетсек, 16-августта Биринчи май райондук соту Текебаев менне Чотоновду күнөөлүү деп табып, мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылдан эркинен ажыраткан.

Пикир

Оставить комментарий