• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

УКМК: Ө.Текебаев менен Д.Чотонов УКМКнын тергөө камак жайына 2 айга камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28-февраль /Кабар/. Ө.Текебаев менен Д.Чотонов УКМКнын тергөө камак жайына 2 айга камакка алынды деп билдирди УКМКнын коомчулук жана ЖМКлар менен байланышуу бөлүмүнөн.

2017-жылдын 25-февралында КР Башкы прокуратурасы тарабынан «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР ККнын 303-беренесинин 1-бөлүмү (“Коррупция”) жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-жана 3-пункттары (“Алдамчылык”) боюнча кылмыш иши козголгон жана ошол эле күнү тергөөгө алуу үчүн УКМКнын Тергөө башкармалыгына тапшырылган.

2017-жылдын 26- февралында көзголгон кылмыш ишинин чегинде Ө.Текебаев 48 саатка кармалган.

Чогултулган материалдардын негизинде 27-февралда Текебаевге адвокаты Ч.Жакупбекованын катышуусунда КР ККнын 303-беренесинин 1-бөлүмү (“Коррупция”) боюнча күнөө коюлуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райсотунун чечими менен 2017-жылдын 25-апрелине чейин УКМКнын тергөө камак жайына камакка алынды.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 26-февралында Д.Чотонов УКМКнын имаратына алынып келинип, козголгон кылмыш ишинин чегинде тергөө жүргүзүү үчүн 48 саатка камакка алынган.

Чогултулган материалдардын негизинде 2017-жылдын 27-февралында адвокаты М.Эшперовдун катышуусунда КР ККнын 303-беренесинин 1-бөлүмү (“Коррупция”) боюнча күнөө коюлуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райсотунун чечими менен 2017-жылдын 25-апрелине чейин УКМКнын тергөө камак жайына камакка алынды.

Учурда тергөө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий