• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Ө.Текебаев жана Д.Чотоновдун баш коргоо чарасы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22-апрель /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин жана КРнын мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасы аныкталды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

“2017-жылдын 21-апрелинде тергөө тарабынан чогултулган далилдердин негизинде КР Жк депутаты Ө.Текебаевге жана КРнын мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Д.Чотоновго КР КК 303-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча айып тагылды жана Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту тарабынан бул адамдарга карата КР УКМК СИЗО камакка алууну улантуу чечими кабыл алынды”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий