• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: “Ө.Текебаевди суракка алууда ага эс алууга жана тамактанууга убакыт берилди”

Коом 0

Бишкек, 27- февраль /Кабар/. “ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевди суракка алуу процессинде ага эс алууга жана тамактанууга убакыт берилди”,- деп билдирди КР УКМКнын коомчулук жана ЖМКлар менен байланышуу бөлүмүнөн.

“Ата Мекен” фракциясынын катчылыгынын "депутатка тамак бербей жатышат, суу гана беришүүдө” деген маалыматы чындыкка дал келбейт деп расмий билдирди КР УКМКсы.

Ө.Текебавдин адвокаты Ч.Жакупбекова УКМКнын тергөө башкармалыгына саат 10.15те келип, анын катышуусунда саат 10.45 тергөө иши башталды. Сурак саат 13.30га чейин созулду, андан соң адвокат Текебаев менен кеңешүүгө өттү. Сурак кайрадан саат 16.40 башталып, 18.30да бүттү.

УКМКнын тергөө иш-чаралары КР КПКнын нормаларына ылайык адвокаттын жана врачтын көзөмөлү менен жүргүзүлдү.

“Суракка алуу процессинде ага эс алууга жана тамактанууга убакыт берилди”, -деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий