• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК телефондук сүйлөшүүнү жана интернеттеги билдирүүнү жазып алабы? – жооп

Коом 0

Бишкек, 05.02.20. /Кабар/. КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) телефондук сүйлөшүүнү жана социалдык тармактарда жазылган билдирүүлөрдү жазып албайт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы расмий маалымат таратты.

Анда мекеменин басма сөз кызматынын атынан соцтармактарда жалган маалымат тарап жаткандыгы айтылат.

"Баардык телефондук сүйлөшүүлөр жана соцтармактардагы билдирүүлөр жазылып алынууда деген маалымат чындыкка дал келбейт. УКМК бул маалыматты “фейк” катары баалайт", - деп айтылат мекеменин тараткан маалыматында.

Учурда жалган маалымат тараткандарды аныктоо жана текшерүү иштери жүрүп жатат.

КР УКМК жалган маалымат тараткандарды мыйзам чегинде кылмыш жообуна тартуу каралгандыгын дагы бир жолу эске салат.

Пикир

Оставить комментарий