• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК “телефондук” террористти кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 17-март /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети “телефондук” террористти аныктап, кармады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы 17-мартта саат 02:10 до Бишкек шаарынын “102” кызматынын күзөтүнө Бишкек шаарындагы “Метро паб” барына жарылуучу зат коюлгандыгы тууралуу белгисиз жактан билдирүү түшкөн.

УКМК жана ИИМдин кызматкерлери окуя болгон жерге тез арада жетип барышкан. Аталган мекемени жана анын айлана-тегерегин текшерүүдө кандайдыр бир жарылуучу зат табылган эмес.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөөнүн жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Аксы айылынын жашоочусу 1997-жылы туулган Нурбек уулу Нурсеит кармалган.

Кармалган жарандын бейбаштык кылуу максатында теракт тууралуу жалган маалымат бергени аныкталды.

Азыркы учурда кылмыш ишин козгоо тууралуу маселе чечилип жатат.

Пикир

Оставить комментарий