• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

УКМК: Террористтик ишмердүүлүктү каржылоого тиешеси бар жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Террористтик ишмердүүлүктү каржылоого тиешеси бар жарандар кармалды, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн терроризимге каршы иш-чаралардын алкагында террористтик ишмердүүлүктү каржылоого тиешеси бар КР жарандарынан турган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, чет өлкөдө резонанстуу терактты уюштурууга катышкан адамдарды каржылоого шектелип, ар кайсы өлкөлөрдүн 39 жаранынын өмүрүн алган, 1988-жылы туулган “А.А.” жана 1990-жылы туулган “А.М.” аттуу КР жарандары Бишкек шаарынан кармалды.

Кармалгандар Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралар улантылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий