• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

УКМК: Токой чарба агенттигиндеги финансылык тартип бузууларды жашырган факты аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.07.19. /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Коррупцияга каршы кызматына тарабынан КР Эсептөө палатасынын башкы инспектору А.Н., кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган факты аныкталган.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кармалган инспектор Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигиндеги кызматкерлердин каржылык укук бузууларды жаап жашырган.

"Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2019-жылдын 27-июлунда КР Эсептөө палатасынын башкы инспектору А.Н., КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси боюнча айыпталып, Биринчи май райондук соту тарабынан УКМКнын Тергөө абагына 1 айлык мөөнөткө камакка алуу баш коргоо чарасы белгиленген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий