• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ишкерлерден мыйзамсыз акча чогултуп турушкан. Ошто милициянын подполковниги кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Туруктуу коррупциялык схема аныкталып, милициянын подполковниги кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетиттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 10-мартында УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин ("пара талап кылуу") фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Ош шаарынын №1-ШМБ башчысы милициянын подполковниги «Т.Т.М.» кармалды.

Такталган маалымат боюнча, №1-шаардык милиция бөлүмүнүн жетекчиси базар ишкерлеринен 6 миңден 7 миң сомго чейин мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу үчүн туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталды.

Кызматтык бөлмөлөрүн тинтүү учурунда, мурда пара катары берилген акча каражаттар табылып алынды.

Кармалган адам КР Ош шаардык жана Ош облусттук УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан керектүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий