• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү беш мүчөсү кармалды — сүрөт

Укук тартиби 0


Бишкек, 18.12.20. /Кабар/. Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү беш мүчөсү кармалды, - деп кабарлайт КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК).

Маалыматка ылайык, УКМК "Чач" каймана аты менен белгилүү Э.Мурзахметовдун уюшкан кылмыштуу тобунун (УКТ) КР ИИМ кызматкерине жана жарандарга карата куралдуу кол салууга аракет кылган фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жатат.

2020-жылдын 16-декабрында УКМК жүргүзгөн атайын ыкчам иштердин натыйжасында Бишкек шаарында жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2020-жылдын октябрь айында орун алган атышууга катышкан уюшкан кылмыштуу топтун 5 мүчөсү кармалышты.

Кармалган үч адамга карата Жалал-Абад облустук соту тарабынан УКМК Ош шаардык башкармалыгынын тергөө камак жайына 2 ай мөөнөткө камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралды.

Калган эки адам Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын УКМК убактылуу кармоочу жайынын тергөө камак жайына киргизилди.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР УКМК тарабынан мурда кармалган уюшкан кылмыштуу топтун жигердүү мүчөсү Э.Мурзахметовдун (чач) жогорудагы кылмышка түздөн-түз тиешеси бар экендиги жөнүндө кошумча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү алынды.

Кармалган кылмышкерлерге карата алардын бир катар башка мыйзамсыз фактыларга (опузалап талап-тоноо, куралдуу кол салуулар, ок атуучу куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү, денеге оор залал келтирүү, рейдерлик басып алуулар ж.б.) тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Тергөө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий