• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрүнө карата чаралар көрүлдү

Укук тартиби 0


Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулукка тиешеси бар адамдарга карата Кыргыз Республикасынын бир катар облустарында ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз маалымдайт.

Үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрынан 12-ноябрына чейинки аралыкта КР УКМК органдарына мурда ар кандай кылмыш жасагандыгы үчүн сот жообуна тартылган бир катар КР жарандары алынып келинип, алар менен тиешелүү тергөө аракеттери, ошондой эле алардын шайлоо процесстерине кийлигишүүсүнө жана кайсы бир талапкердин же партиянын кызыкчылыгын колдоого жол бербөө боюнча профилактикалык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

КР УКМК Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте республиканын бардык аймагында уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигин аныктоо жана бөгөт коюу боюнча атайын тергөө-ыкчам иш-чараларын пландык негизде улантууда.

УКМК Кыргыз Республикасынын жарандарынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн шайлоо процесстерине кийлигишүүсү же башка мыйзамсыз аракеттери тууралуу маалымат келип түшкөн учурда, КР мыйзамдарында каралган тартипте тиешелүү чараларды көрүү үчүн кайрылууну өтүнөт.

КР УКМК нөөмөт бөлүмүнүн телефону: (0312) 66-04-75, ошондой эле күнү-түнү иштеген аймактык башкармалыктардагы ишеним телефондорго кайрылсаңыздар болот:

  • Чүй облусу (0312) 54-07 19;
  • Жалал-Абад облусу: (03722) 5-60-49;
  • Ысык-Көл облусу: (03922) 5-11-80;
  • Ош облусу: (03222) 2-30-78;
  • Талас облусу: (03422) 5-20-43;
  • Баткен облусу: (03622) 5-00-33.
  • Нарын облусу: (03522) 5-08-49;

Пикир

Оставить комментарий