• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

УКМК: УКТнын мүчөсү аталган коңшу өлкөнүн тургуну кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.05.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Чүй облусунда жүрүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында коңшу өлкөнүн жараны "К.Э." кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Такталгандай, кармалган адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгондугу жана өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги заттарды ташуу менен алектенип жүргөндүгү, ошондой эле оор кылмыш ишин жасагандыгы боюнча издөөдө жүргөндүгү аныкталды.

Кармалган «К.Е.» Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тийиштүү тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий