• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: "Улан Узун" кайманаты бар УКТнын активдүү мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.03.21. /Кабар/. "Улан Узун" кайманаты бар УКТнын активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун ишин аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун таасирдүү мүчөлөрүнүн бири, кылмыш чөйрөсүндө "Улан Узун" деген ат менен белгилүү Барчакеев Улан Кыйбатбековичке мыйзамсыз иш-аракеттеринин фактылары боюнча кылмыш ишин козгоду.

2021-жылдын 1-мартында У.Барчакеев Бишкек шаарынын аймагынан кармалып жана анын катышуусунда тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн КР УКМК Башкы тергөө башкармалыгына жеткизилди.

КР УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында У.Барчакеев тарабынан кылмыш иш-аракеттерин жасоо жагдайлары жана анын кылмышка байланыштуу иштери аныкталды.

У.Барчакеев КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий