• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Улут аралык кастыкты козуткан макалаларды жарыялаган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишек, 07.09.22. /Кабар/. Чет өлкөдө жүрүп Facebook социалдык тармагындагы баракчасына мезгил-мезгили менен кастыкты козутуучу чагымчыл мүнөздөгү басылмаларды жарыялап турган Э.Б. аттуу кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Э.Б.га карата Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы сырттан тандалган.

Үстүбүздөгү жылдын 6-сентябрында Э.Б. Россия Федерациясынын мыйзамдарын бир нече жолу бузууга жана Россияга каршы иш-аракеттерди жүргүзүүгө байланыштуу Москва шаарынын Преображенский райондук сотунун чечими менен Кыргызстандын аймагына депортацияланган.

7-сентябрда Э.Б. КР КК 330-беренесинин негизинде кылмыш жасагандыгы үчүн айыпталып, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берилди.

Учурда тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында сотко жөнөтүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий