• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

УКМК: Улуттар аралык касташууга чакырган Facebook колдонуучуларына иш козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 7-июнь /Кабар/. Улуттар аралык касташууга чакырган Facebook социалдык тармагынын колдонуучуларына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, УКМКнын ыкчам иликтөө иштеринин негизинде Facebook тармагынын айрым колдонуучулары, мыйзамга жана коомго каршы келүүчү, улуттар аралык кастыкка чакырык жасагандыгы аныкталган.

Аталган колдонуучулар Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Масы айылында жаш балдардын катышуусунда болгон окуяга пикир жазышып, улуттар аралык кастыкка үндөшкөн.

Улуттук илимдер академиясынын эксперттери жүргүзгөн филология-политологиялык экспертизанын негизинде, соцтармактын айрым колдонуучуларынын пикирлеринде улуттар аралык кастыкка чакыруу, абройго шек келтирүү, жаман сөздөр менен сөгүү бар экени аныкталган. Эксперттердин баамында, мындай комментарийлер өз кезегинде жарандардын мыйзамсыз, коомго каршы келе турган иштерди жасоого чакырышы толук мүмкүн.

Бул факты боюнча УКМКнын тергөө башкармалыгы улуттар аралык кагылышууга алып келүү коркунучу бар деп табылган пикирлердин ээлерине карата КР КК 299-беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий