• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: "Унаа" ишканасында коррупциялык схема аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.07.19. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматынын "Унаа" мамлекеттик ишканасында автоунаа каражаттарын мыйзамсыз эсепке коюу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКдан билдиришкендей, Коррупцияга каршы кызматы Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорт каражаттарын каттоо департаментинин (азыркы учурда Каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик ишканасы) каттоо-экзамендик бөлүмүнүн кызмат адамдарына карата козголгон кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзүп келет.

"Ал кызмат адамдары башка кызыкдар адамдар менен жең ичинен сүйлөшүп алып, коррупциялык схеманы түзүү менен бажы биримдигине мүчө эмес (Балтика өлкөлөрү, АКШ, Грузия) өлкөлөрүнөн КР аймагына ташылып келген транспорт каражаттарын бажы алымдарын төлөбөстөн киргизген. Натыйжада бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Ушул жылдын июль айынын башында өлкө аймагына жогоруда айтылган коррупциялык схема менен алынып келген "Лексус" жана "Шевроле" үлгүсүндөгү 2 автоунаа кармалган.

"Мамлекеттик каттоо кызматынын тарифтик сеткасына ылайык өлкөнүн аймагына кирген автоунааларды алып келүү жана каттоодо алдын ала эсеп боюнча 2 млн. 608 миң сом зыян келтирилген", - деп билдиришти Улуттук коопсуздук кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий