• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

УКМК: Ысык-Көл облусунун тургуну «Хизб ут-Тахрирден» баш тартты (видео)

Укук тартиби 0


Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарды аныктоо, бөгөт коюу жана алардын ишмердүүлүгүнүн алдын алуу алкагында, Ысык-Көл облусунун Түп районунундагы диний кырдаал боюнча жалпы түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, диний экстремизмге каршы туруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун кыймылынын ишмердүүлүгүнө Түп районунун тургуну айрым жашоочуларды тартуу иштери аныкталды.

Өткөрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында Т.М.А. аттуу КР жараны өз жаңылыштыгын эл алдында моюнга алып, динге ишенгендерди жана экстремисттик көз-карашты колдогон башка мүчөлөрдү исламдын негизинде гана аткарууга чакырды жана бул экстремисттик кыймылдын иш-аракеттеринен мындан ары катышуудан өз ыктыяры менен баш тартышты.

УКМК тарабынан тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча иш-чараларды улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий