• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Ысык-Көлдө коронавирус чыкты деп жалган маалымат тараткан жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Ысык-Көлдө коронавирус чыкты деп жалган маалымат тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 23-мартында КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында 1982-жылы туулган, КР жараны Сыйдыев Мирбек Анарбекович кармалган.

Такталган маалыматтар боюнча, калкка такси кызматын көрсөткөн Сыйдыев Мирбек тентектик аракеттери менен соцтармактар аркылуу Ысык-көл облусунун тургунунун дене табы жогорулап, коронавирус чыкты деген маанидеги жалган маалыматтарды таратып, облуста элдин арасында кооптонуу жараткан.

Сыйдыев М.А. кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалпы элден кечирим сурады.

Учурда материалдар юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына жиберилди.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

Эскерте кетсек, жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Пикир

Оставить комментарий