• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

УКМК: Өзгөчө ири өлчөмдө каражат алган алдамчылар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Атайын кызматтын жетекчилигинин артына жашынып, өзгөчө ири өлчөмдө каражат алган алдамчылар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын октябрынан бүгүнкү күнгө чейин УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоого, алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын кеңири комплекси жүргүзүлүп жатат.

Жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө КР министрликтердин, ведомстволорунун мурдагы жогорку кызмат адамдары, жана ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармалды.

Бардык кылмыш иштери боюнча учурда КР мыйзамдарында каралган ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Көптөгөн иштер белгиленген тартипте кароо үчүн сотторго жиберилген.

Ошол эле учурда, кылмыш ишин тергөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органынын жетекчилеринин бирин кармоо боюнча, КР УКМК маалымат келип түшкөн, УКМК жетекчилигинин атынан өзүлөрүн коргогон адамдар, шектелип жаткан адамдын туугандарынан тергөө иштери жүрүп жаткан кылмыш ишин оң чечим чыгарып берүү үчүн 180 миң АКШ доллар өлчөмүндө акча каражатын алышкан.

Аталган факт КР УКМК башкы тергөө башкармалыгына КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш ишине катталды.

2021-жылдын 9-мартында жогорудагы кылмышка шектүүлөр кармалган жана 1972-жылы Абдыразак Кожоев жана 1978-жылы туулган Кумар Мамаджанов УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК аталган адамдардын алдамчылык аракеттерине чалдыккан жарандар болсо, тиешелүү арыз менен же телефон аркылуу УКМКнын нөөмөт кызматынын 0312 66-04-75 кайрылуусун суранат. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Ошондой эле, КР УКМК бардык тергөө иштери боюнча сот процессуалдык чечимдери кабыл алынаарын жана конкреттүү иштин тергелишинин жүрүшүнө таасир этүү аракеттери мыйзамдын толук көлөмүндө басылаарын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий