• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Жабыркаган спецназдарга кымбат баалуу дарылар керек деген маалымат чындыкка дал келбейт

Коом 0

Бишкек, 10.08.19. /Кабар/. Жабыркаган атайын даярдыктагы аскерлерге (Спецназ) кымбат баалуу дарылар керек деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз ызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, учурда Кой-Таштагы окуяда жаракат алган бардык кызматкерлерге ар тараптуу медициналык жардам көрсөтүлүүдө жана керектүү дары-дармектер менен толук камсыздалган.

"Ошол эле учурда УКМК жарандардан жаракат алган жоокерлер үчүн акча чогултууга багытталган шектүү акцияларга катышуудан баш тартууга чакырат. Эгерде так маалыматтарды алгыңыз келсе 0312 66 04 75 номуру боюнча УКМК нөөмөт кызматына байланышсаңыздар болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий