• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

УКМК: Жалал-Абад мэриясынын капиталдык курулуш департаментинин башчысы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык мэриясынын капиталдык курулуш департаментинин башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 17-февралында УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана бюджеттик каражаттарды максатсыз колдонуу фактылары боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Жалал-Абад шаардык мэриясынын капиталдык курулуш департаментинин башчысы "Н.А.К." кармалды.

Такталгандай, 2018-жылдын январь айында Жалал-Абад шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын тендердик комиссиясы тарабынан Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүнүн биринин жол жээгин жана инфраструктурасын кеңейтүү, реконструкциялоо үчүн, курулуш иштерин тейлөө кызматтарын сатып алуу боюнча тендердин жыйынтыгы боюнча, жеке компаниялардын бири жеңүүчү деп табылып, ага аталган "Н.А.К." келишим түзгөн.

Бирок "Н.А.К." материалдык артыкчылыктарды алуу боюнча өз кызыкчылыгын көздөп, техникалык көзөмөлдүн жооптуу адамдары жана жеке компания менен алдын-ала бир бүтүмгө келип, курулуш иштеринин көлөмүн жана колдонулган курулуш материалдарынын баасын мыйзамсыз жогорулаткан.

Жыйынтыгында, мамлекеттик бюджетке 1,6 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Кармалган адам Жалал-Абад шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий