• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Жалал-Абад облусунан курал-жарактын жана ок-дарылардын кампасы табылды

Кырсык 0

Бишкек, 13.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунан курал-жарактын жана ок-дарылардын кампасы табылды, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 13-мартында УКМКнын уюшкан кылмыштуу топтордун ишин аныктоо жана ага бөгөт коюу иш-аракетинин алкагында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунан курал-жарак жана ок-дары сакталган кампа табылды.

Кампадан "Ф-1" кол гранатасы, 2 жылмакай көзөнөктүү мылтык, ар кандай калибрдеги 40 ок жана бычак табылып алынган.

Бул факт боюнча сотко чейинки процесстин материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренеси ("Курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Алынган курал-жарак жана ок-дарылар тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү.

Учурда УКМК тарабынан ок атуучу куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий