• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин бири добуш сатып алууга аракет кылган

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкердин биринин добуштарды сатып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 22-мартында УКМКнын Жалал-Абад областтык башкармалыгына Жалал-Абад шаардык кеңешине ат салышып жаткан партиялардын биринин агитаторлору тарабынан шайлоочуларга пара берүү фактылары жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, Жалал-Абад шаарынын тургундары М.З.А., И.М.Т. жана К.Г.К. аркылуу тамак-аш азыктарын таркатуу жолу менен шайлоочуларга пара берүүнү уюштурууга Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер К.С.А. аттуу жарандын катыштыгы бар экендиги жөнүндө маалыматтар тастыкталган.

2021-жылдын 26-мартында аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүмү ("Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу") кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

2021-жылдын 8-апрелинде УКМК өткөрүлгөн жыйындын жыйынтыгында партияга расмий түрдө эскертүү берүү чечилип, Жалал-Абад шаардык шайлоо комиссиясына билдирилген.

Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий