• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Жалал-Абадда эркине каршы кармалган жаран бошотулду

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында эркине каршы кармалган жаран бошотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Жалал-Абад шаарынын батирлеринин биринде адамды өз эркине каршы мыйзамсыз кармоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, М.А. аттуу кыргыз жараны аныкталып бошотулду, ал ири суммадагы карыздык милдеттенмелерин аткаруу максатында бир топ адамдар тарабынан мажбурлап кармалып турган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.А. иш боюнча кылмышка шектүүлөр менен беттешүүдөн баш тарткан, ага байланыштуу мажбурлоонун жана бөгөт коюунун процессуалдык чараларын колдонуу мүмкүн болгон эмес.

2022-жылдын 17-январында кылмыш иши боюнча арыз ээлери жана алардын жактоочусу менен бирге тергөө органына келүү макулдашылган, бирок алар келбей, АКИpress маалымат агенттигинин басма сөз жыйынына катышуу менен чектелишти.

Ошол эле учурда арыз ээлери тергөө органга үстүбүздөгү жылдын 18-январынын кечинде гана келишкен. Алардын катышуусу менен бардык керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында А.М., М.К., Р.И. жана А.Я. кармалып, Жалал-Абад шаардык ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий