• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Жалал-Абадда ЭТУнун активдүү мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.08.21. /Кабар/. Жалал-Абадда эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан республиканын аймагына террористтик жана экстремисттик уюмдардын келишине жол бербөө максатында улантылып жүргүзүлүп жаткан контртеррористтик иш-чаралардын алкагында Жалал-Абад облусунда Сириядагы эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар делген 1995-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны "А.Ж." кармалды.

Такталгандай, кармалган адам 2015-жылы Сирияга кеткени, анда ал "Хаят Тахрир аш-Шам" эл аралык террордук уюмунун тобу тарапта куралдуу кагылышууга катышкандыгы аныкталган. Кармалган "А.Ж." чет өлкөдөн жасалма документтердин негизинде Кыргыз Республикасына кирип, террористтик аракеттерди жайылтуу үчүн жашыруун ячейкаларды уюштуруу үчүн ЭТУнун лидерлеринин тапшырмасы боюнча келгендиги аныкталды..

Сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралар жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий