• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

УКМК: Жалал-Абадда коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан адамдар кармалды

Аймак 0

Бишкек, 28.03.20. /Кабар/. Жалал-Абадда жалган маалымат тараткан адамдар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 25-26-мартында КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында 1961-жылы туулган Жалал-Абад облусунун Кербен шаарынын тургуну М.С жана 1984-жылы туулган Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр шаарынын тургуну Р.К.И. кармалды.

М.С. социалдык тармактар аркылуу жергиликтү ооруканада коронавирус жуктурган адам келип түштү деген жалган маалыматтарды тараткан. Ал эми Р.К.И. Таш-Көмүр шаарында 2 адамдан коронавирус аныкталды деген такталбаган маалыматты таратып жиберген.

Аларга түшүндүрүү ишичаралар жүргүзүлгөн соң, алар кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурашты.

Бул факты боюнча материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Эскерте кетсек, коронавирус боюнча республикалык штаб күнү-түнү иштеп, 0 (312) 88 16 84 ишеним телефону боюнча бардык суроолорго жооп берүүгө даяр.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

Эскерте кетсек, жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Пикир

Оставить комментарий