• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Жалган маалымат тараткан кезектеги адам аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Жалган маалымат тараткан кезектеги адам аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайы, 2020-жылдын 28-мартында КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында 1964-жылы туулган Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун тургуну Касимов Шимер Паншарович аныкталды.

Ш.Касимов социалдык тармактар аркылуу Каракол шаардык санитардык постунда автоунааларды текшербестен, акча алып кое берүүдө деген жалган маалыматты тараткан.

Жогорудагы аталган адам менен түшүндүрүү иш-чаралар өткөзүлгөн соң, ал кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады. Учурда анын кылган ишине юридикалык баа берүүгө багытталган иш-аракеттер жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, коронавирус боюнча республикалык штаб күнү-түнү иштеп, ишеним телефону боюнча бардык суроолорго жооп берүүгө даяр.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

Эскерте кетсек, жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Пикир

Оставить комментарий