• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Жалил Атамбаев үй камагына алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.03.21. /Кабар/. Жалил Атамбаев үй камагына алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Мурда маалымдалгандай, мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз байыган фактысы боюнча, республиканын ички иштер органдарынын мурунку кызматкери Жалил Атамбаев кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө иштеринин журүшүндө, республиканын ички иштер органдарынын кызматкери болуп саналган Ж.Атамбаев, ошол эле учурда мыйзамсыз ишкердик иш менен алектенип, жалпы суммасы 100 миллион сомдон ашуун кыймылсыз мүлккө ээ болуп, аны жакын туугандарынын атына каттатканы аныкталды.

2021-жылдын 4-мартында Ж.Атамбаев жана анын жактоочулары тергөө менен кызматташууга жана белгиленген зыяндын ордун республиканын бюджетине көрсөтүлгөн өлчөмдө төлөп берүүгө даяр экендиги жөнүндө өтүнүч келтиришкен.

Бүгүнкү күндө Ж.Атамбаев келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн УКМКнын депозиттик эсебине 50,5 миллион сомдон ашык салган, калган 50 миллион сомду ушул жылдын март айынын аягына чейин төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Келтирилген зыяндын ордун жарым-жартылай төлөп берүүсүнүн жана тергөө менен кызматташууну эске алуу менен, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жалил Атамбаевди үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандалды.

Тергөө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий