• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК жалпы салмагы 81 кг баңги затты жок кылды - фото

Коом 0

Бишкек. 17.04.19 /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери 81 кг баңгизатты отко жагып жок кылды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул баңги заттар 14 кылмыш ишинин алкагында тергөө ишинин далили катары алынган.

48 килограмм героин жана 33 килограмм гашиш "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасынын казанына жагылып жок кылынды.

Мындан тышкары, 2014-жылдан бери 1,5 тоннадан ашык баңгизаты мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынганы кабарланат.

Пикир

Оставить комментарий