• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: ЖАМК төрагасынын биринчи орун басары коррупция фактысы боюнча кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары "Н.Т.М." коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК коррупцияга байланыштуу кылмыштарды алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басарынын "Н.Т.М." жетекчилиги астында туруктуу коррупциялык схема, мөөнөтүнөн мурда бошотуу, соттолгондордун шарттарын жумшартуу, ошондой эле бөлүмдүн ортоңку жетекчилигинин мыйзамсыз аракеттерин жашыруу үчүн системалуу түрдө акча каражаттарын алуу аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2021-жылдын 2-августунда "Н.Т.М." иш бөлмөсүндө ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анда 3500 миң АКШ доллары, 59 миң сом суммасындагы акча каражаттары, уюлдук телефондор жана чакан калибрдүү куралдын патрондору алынган.

Жашаган жеринен ТТ тапанчасы жана жылмакай ок атуучу куралдар, ошондой эле түзөтүү мекемелеринде соттолгондор жасаган нарда, сандык, бычак, кылыч, стол, отургуч түрүндөгү ар кандай буюмдар табылып алынды.

Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам иш -чаралардын жыйынтыгында "Н.Т.М." КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий