• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК жана ИИМ Бишкектеги транспорт ишмердүүлүндөгү коррупция боюнча текшерет

Коом 0

Бишкек, 03.04.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Ички иштер министрлиги менен бирдикте Бишкектин транспорт ишмердүүлүгүндөгү коррупция боюнча текшерүү жүргүзөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине УКМК басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, тиешелүү тапшырманы премьер-министр Сапар Исаков берген.

Белгилей кетсек, кечээ кичи автобустардын айдоочулары наааразылык билдирип, иш ташташты. Алар буга камсыздандыруу полисин алуу зарылдыгы жоктугун себеп катары көрсөтүштү.

Жыйындын жүрүшүндө премьер-министр Бишкектин транспорттук ишмердигинде коррупция бар экенин билдирген. Анын ичинде транспорттук ишкананын ар бир бригадасы Унаа жана жолдор министрлигине караштуу Транспорттук инспекцияга ай сайын расмий эмес түрдө 3 миң сомдон төлөөгө милдеттүү болгон.

Ал ошондой эле тармактык министрлик менен бирге транспорттук компаниялар жол кыймылынын коопсуздугун камсмыздоо башкармалыгынын кызматкерлерине айына 5 миң сомдон ашык төлөөгө мажбур экенин белгиледи. Башка да көптөгөн расмий эмес жыйымдар бар, алсак, кыймыл схемасы үчүн, анткен менен бул документ акысыз берилет, жүргүнчүлөрдү түшүүрүү, токтоо, ошондой эле ар бир каттам үчүн. Кичи автобустардын айдоочулары көзөмөлдөөчү органдарга дээрлик бардык жерде төлөөгө тийиш.

Жыйынтыгында ал УКМК жана ИИМге бул фактылар боюнча текшерүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий