• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Жасалма акча саткан адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. Жасалма акча каражатын саткан адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 6-мартында КР УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынан 15 000 АКШ долларын сатууга аракет кылган 1955-жылы туулган А.М. аттуу КР жараны кармалды.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Кармалган адам УКМК Тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы учурда жасалма акчаларды сатууга катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо багытындагы ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий