• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК жасалма доллар сатууга аракет кылган азербайжандык жаранды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.07.22. /Кабар/. Азербайжандын жараны жасалма акча сатып жаткан жеринен кармалды, - деп билдирет УКМКнын маалымат кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын аймагында Эл аралык террордук уюмду каржылоо үчүн ири өлчөмдөгү жасалма чет элдик акча каражаттарын сатып жаткан жашыруун кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү боюнча маалымат келип түшкөн.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 2022-жылдын 21-июлунда 3 миң 800 АКШ доллары өлчөмүндөгү чет элдик валютадагы жасалма акчаны сатуу учурунда Азербайжандын жараны М.Ш.Г., кармалды.

Убактылуу жашаган жеринде тинтүү жүргүзүү учурунда 17 миң 400 доллар жасалма акча каражаты табылып алынды.

Азыркы учурда М.Ш.Г., КР УКМК тергөө камак жайына жайгаштырылып, бул кылмышка тиешеси барлардын бардыгын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий