• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

УКМК жеке ишкерден опузалап 20 миң доллар талап кылган УКТ мүчөсүн кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.05.21. /Кабар/. Опузалап пара алып жаткан учурда уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, 10-майда УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы аракеттенүү боюнча иштерди жүргүзүүдө уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү “Дөө Чынгыз” каймана аттуу Ч.Жумагуловдун атынан аракеттенген УКТ мүчөсү “И.Р.М.” жеке ишкерден опузалап 20 миң доллар алып жаткан жеринен кармады.

“И.Р.М.” КР “кылмыш-жаза кодексинин 98-беренесине ылайык УКМКнын абак жайына камалды.

Учурда алардын шериктерин жана иштин башка фигуранттарын кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий