• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: ЖК депутаты А.Шыкмаматовго айып тагылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27-март /Кабар/. “Ата Мекен” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовго карата айып тагылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, 2017-жылы 17-февралда КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан КРнын эсеп палатасынын мурдагы аудити, учурда Жогорку Кеңештин депутаты А.Шыкмаматвого карата КРнын Кылмыш кодексинин 303-беренесинде (Коррупция) каралган кылмыш белгиси боюнча кылмыш иши козголгон.

УКМК 2011-жылы 20-сентябрда Эсеп палатасынын төрагасы Сабырбек Молдокулов тарабынан кызматтык унаа сатып алуу боюнча тендердик комиссия түзүү тууралуу буйрук чыкканын аныктады. Бирок, “Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу” мыйзамдын талаптары бузулуп, тендер өткөрүлгөн эмес.

Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда болжолдуу сүйлөшүүлөргө ылайык, сатып алуу жалган документтерди түзүү жолу менен түзүлгөн. Эсеп палатасынын аудиторлору унааны өздөрү табышып, тандап алышкан.

Тергөөнүн материалдары боюнча тендердик комиссиянын төрагасы Ж.Иманалиев менен комиссиянын мүчөсү А.Шыкмаматовдун “Би Стар” ЖЧКнын директору А.Юксель менен макулдашуусу боюнча жеке тараптардан “Барат Люкс” ЖЧК ташыган “Мерседес-Бенс” Е-классындагы 5 унааны сатып алуу тууралуу жалган келишим түзүлгөн.

Андан кийин 2011-жылы 5-октябрда тендер өткөрүлгөндүгү, ага 2 компания – 4 млн 265 миң сом арызы менен менен “Би Стар” ЖЧК жана 3 млн 368 миң 831 сом суммасындагы арызы менен “Барат Люкс” ЖЧк катышкандыгы, андан кийин алар менен келишим түзүлгөндүгү тууралуу жалган документ түзүлгөн.

Муну менен катар А.Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, “Барат Люкс” ЖЧКнын тендердик арызына өзүнүн келинчегинин унаасын кымбат баада киргизүүнү демилгелеген. А.Шыкмаматовдун жубайынын 2000-жылы чыккан “Мерседенс-Бенц” Е320 маркасындагы унаасы 14 миң 637 АКШ долларына бааланган.

“Азия-Баасы” ЖЧКнын эксперттеринин корутундусуна ылайык, ошондой эле унаанын баасы 2011-жылы октябрда 10 миң АКШ долларын түзгөн.

Териштирүүнүн жыйынтыгында, 2017-жылы 27-мартта депутат А.Шыкмаматов КРнын Кылмыш кодексинин 303-беренесинде каралган кылмышты кылууга айыпталып, сыртка чыгууга тыюу салынды.

Пикир

Оставить комментарий