• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК: ЖК депутаты М.Исаковго айып тагылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31-март /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаковго айып тагылды.

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2017-жылдын 13-февралында КР Башкы прокуратурасы тарабынан ЖК депутаты М.Исаковго карата КР КК 303-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турган кезинде Исаков райондук Мамкаттоо жана архитектура башкармалыктарынын кызматтагы адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып жана биргеликте 2010-2015-жылдары жалпы аянты 14,34 гектар айыл чарба жер тилкелерин жеке турак жай курулушуна берүү боюнча 315 мыйзамсыз токтом чыгаргандыгы аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө бир катар жарандардан Исаковдун көрсөтүлгөн жер тилкелерин сатуусу тууралуу көрсөтмөлөрү алынган.

2017-жылдын 31-мартында КР УКМК Тергөө башкармалыгы тарабынан М.Исаковго КР КК 303-беренесинде каралган кылмыш ишин жасагандыгы үчүн айып тагылып, үй камагына алуу чечими кабыл алынды.

Тергөө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий