• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК жоголгон 200 миң доллар боюнча маалымат таратты

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.11.19. /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы жоголгон 200 миң доллар боюнча маалымат таратты.

Белгилей кетсек, УКМКдан 200 миң доллар акча каражаты жоголгону тууралуу маалымат интернет булактарында жана айрым ЖМКда жазылып чыккан.

Коомчулукта активдүү талкууланып жаткан маалыматка байланыштуу УКМК төмөнкүлөрдү маалымдайт.

"Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы Ч.У. пара алуу боюнча кылмыш ишинин тергөөсү аяктап сотко жөнөтүлдү.

2019-жылдын 19-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан тергөө иштерине чогултулган материалдардын жана жогоруда айтылган далил катары алынган акча кажаттарынын негизинде алынган 200 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттар мамлекетке киреше катары алуу боюнча токтом менен чечим чыгарылды.

Буга байланыштуу УКМК 200 миң доллардын жоголгондугу тууралуу маалымат чындыка дал келбестигин билдирет. Муну менен мамлекеттик комитеттин жетекчилигине жана улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракеттерин каралоо максатында жалган маалыматтарды таратуу менен коомчулукка жаман көрсөтүү максатында атайлап каралоо иштери жүрүп жаткандыгын белгилей кетүү керек", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий