• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

УКМК: Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин жолдошу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.11.21. /Кабар/. КР УКМК тарабынан эртеңки Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан депутаттыкка талапкер №31- Дюшембиева Элиза Бакытовна тарабынан шайлоочуларды сатып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган (добуштарды сатып алуу) белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

2021-жылдын 24-ноябрында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган партиянын каттоодо турбаган 8 агитаторуна Тойбеков Ырысбек Орманкулович (КР ЖК депутаттыгына талапкер Э.Б. Дюшембиеванын күйөөсү) тарабынан Ысык-Ата районунун тургундарынын ичинен шайлоочуларды сатып алуу фактысын уюштуруу үчүн 40 миң сом өлчөмүндө акча каражаты берилгендиги аныкталды.

Ы.Тойбековдун мыйзамсыз иштерин эсепке алуу, документтештирүү жана бөгөт коюу максатында, 2021-жылдын 27-ноябрында Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын аймагынан Ы.Тойбеков 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын берип жаткан жеринен кармалды, жеке буюмдарын кароо учурунда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлеринин үгүт баракчалары табылган.

Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий