• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК: Жогорку соттун төрайымына карата кылмыш иши козголду

Коом 0

Бишкек, 26.12.20. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалымат системасын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу учурунда коррупция фактысы боюнча Жогорку соттун кызмат адамдарына карата сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүүдө.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жогорку соттун төрайымы Калиеванын бул ишке аралашкандыгы туурасында далилдер алынды.

Буга байланыштуу тергөө органдары тарабынан Жогорку соттун төрайымы Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына сунуш киргизүү боюнча Башкы прокуратурага өтүнүч келтирилген. Башкы прокуратура тарабынан жана Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын макулдугу берилген учурда Гүлбара Калиева кылмыш ишине тартылат.

Пикир

Оставить комментарий