• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Журналист кызды коркуткан адам УКМКнын кызматкери болгон эмес

Коом 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) журналист Мээрим Айныкееванын билдирүүсү боюнча түшүндурмө берди.

Маалыматка ылайык, УКМКнын кызматкеримин деп өзүн тааныштырып, белгисиз адам тарабынан кысым көрсөтүлдү деген факты боюнча жаран М. Айныкеевадан түшкөн арызды кароонун алкагында, убактылуу эч жерде иштебеген Бишкек шаарынын тургуну Н.М уулу аныкталып, УКМКнын кабыл алуу бөлүмүнө алынып келинген.

2021-жылдын 11-октябрынан 12-октябрына караган түнү Н.М уулу "Шахрезада" ресторанында мас абалында эс алып жаткандыгын, ал жерде мурунку иштеген жеринен тааныш болгон М. Айныкеева да болгонун айтып түшүндүрдү.

Н.М. уулу ал М. Айныкеева менен баарлашуу үчүн ийгиликсиз аракеттерди жасаганын жана тамашалап өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырганын мойнуна алган. Ошол эле учурда Н.М. уулу КР УКМКнын кызматкери болгон эмес жана кылган ишине өкүнгөнүн айтты.

Учурда Н.М. уулунун кылган иш-аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн материалдар УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий