• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Зилалиев УКМКнын тергөө абагына жеткирилди

Коом 0

Бишкек, 13.10.20. /Кабар/. Дүйшөнбек Зилалиев УКМКнын тергөө абагына жеткирилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКдан белгилешкендей, 5нен 6-октябрга караган түнү ал соттун мыйзамга туура келбеген чечими боюнча мыйзамсыз бошотулган.

"Учурда Зилалиев УКМКнын тергөө абагына алынып келди. УКМК менен ИИМ митингдин катышуучулары тарабынан бошотулуп, камак жана жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жайлардан мыйзамсыз чыгып кеткен адамарды аныктоо жана кармоо боюнча иштерди улантууда", - деп билдирет УКМК.

Пикир

Оставить комментарий