• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

УКМК: Зордуктоо фактысы менен кармалган жарандын атайын кызматка эч кандай тиешеси жок

Коом 0

Бишкек, 12.12.21. /Кабар/. Зордуктоо фактысы боюнча кармалган адамдын атайын кызматка эч кандай тиешеси жок, деп билдирди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда «үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрында КР УКМКнын штаттан тышкаркы кызматкери тарабынан жасалган сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери тууралуу» маалымат жарыяланган.

"Мыйзамсыз иш-аракети үчүн кармалган Кыргыз Республикасынын 2000-жылы туулган «К.Б.» аттуу жаран атайын кызмат менен эч кандай байланышы жок", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Мекеме бардык жарандарды жеке кызыкчылыгын көздөп максаттарга же ниеттерге жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын УКМК атын жамынбоого чакырат.

КР УКМК мындай аракеттер үчүн колдонуудагы мыйзамдардын алкагында жоопкерчилик каралганын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий