• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектин мурдагы вице-мэрине мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. Бишкектин мурдагы вице-мэри А.У.Ш. (Уланбек Азыгалиевге) мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясында жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө жеке курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө элиталык көп кабаттуу турак жайларды куруу үчүн муниципалдык жер тилкелерди берип камсыздоодо мыйзамсыз баюу фактылары аныкталды.

Уланбек Азыгалиев жана мэриянын айрым структуралык бөлүмдөрү кызмат абалдарынан пайдаланып, өзүнө караштуу чарбалык субъектилердин өкүлдөрүнө көп кабаттуу үйлөрдү курууга уруксат беришкендиги аныкталды.

Билдирилген мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында А.У.Ш. жакын туугандарына, Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда 7 жер тилкеси, 11 кызматтык жайлар жана 4 турак жай, 11 батир жана 10 унаа токтотуучу жай, Ысык-Көл облусунда 2 коттедж жана 5 кымбат баалуу унааларды өзүнө тиешелүү адамдарга каттаткан.

Натыйжада А.У.Ш. жакын туугандарынын кирешелери кескин көбөйгөн. Анын байлыгы 100 миллион сомдон ашык каражатка бааланган.

Учурда кылмыш иши боюнча мыйзамсыз алынган мүлктөрдүн бардык тизмесин аныктоого багытталган ыкчам тергөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий